Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Махачкалада өлтүрүлгөн жоочунун кыргызстандык экени такталууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров билдирди. Анын айтымында, элчилик Махачкалада милиция күзөтүнө кол салууда өлтүрүлгөн адамдын жанында кыргыз паспорту табылганы тууралуу маалымат алган. Азыр Бишкектеги паспорт бөлүмдөрү менен байланышып, жоочу деп шектелген адамдын чоо-жайы такталып жатат. 1-декабрда Дагестандын Махачкала шаарындагы милиция күзөтүнө кол салуудан үч милиция кызматкери жараат алган. Граната ыргыткан киши атып өлтүрүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG