Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Ошто СПИДге чалдыгып, жөлөк пул алган балдардын саны 113кө жетти


Бул туурасында Ош облустук социалдык кызмат көрсөтүү борборунун башчысы Рустам Бакиров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 2007-жылы сакайгыс илдетке чалдыккан жалгыз бала гана эсептелсе, мындайлардын саны учурда жүз он үчкө чукулдады. Буга дейре аларга ай сайын 1020 сомдон жөлөк пул төлөнүп келсе, жаңы жылдан баштап ар бирине эки миң сомдон каражат ажыратылмакчы.

Жергиликтүү талдоочулар Ош жергесинде СПИДдин алдын алуу чаралары жетишсиз экендигин, мамлекет оорунун кесепети менен гана күрөшүп келаткандыгын белгилешүүдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG