Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Улан Мелисбек соттон утулду


Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Улан Мелисбектин укук коргоочуларга карата берген доо арызын бүгүн Биринчи Май райондук соту жокко чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген укук коргоочу Тимур Шайхутдиновдун айтуусунда соттук териштирүү учурунда У. Мелисбек менен соттошуп жаткан укук коргоочулар сотко интернеттен бир катар далилдерди алып келип көрсөтүшкөн. Алардын арасында интернет айдыңындагы Улан Мелисбекке таандык “kyrgyzcha.org” сайтынын сатыкка коюлганы, баштапкы баасы 1000 доллар турары тууралуу да маалымат болгон. Буларды эске алган сот “Кыргызпатенттин” башчысынын укук коргоочулар Бурул Макенбаева менен Тимур Шайхутдиновго карата доосу негизсиз деп тапты.

Белгилүү болгондой, мурдараак "Кыргызпатенттин" жетекчиси Улан Мелисбектин дарегине патенттик ишенимдүү өкүлдөрдөн акча талап кылып, кызматтык ордун кыянаттык менен пайдаланып жатат деген айыптар айтылган. Ага "Кыргызпатенттеги" жыйындын аудиокөчүрмөсү жана стенограммасы интернетке жарыяланышы себеп болгон. Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши Мамлекеттик патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек уулун коррупциялык иштерге аралашты деп айыптаган эле. Муну жалганга чыгарган "Кыргызпатенттин" башчысы укук коргоочулардын үстүнөн доо арыз менен сотко кайрылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG