Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

М. Иманалиев ШКУнун баш катчысы кызматына киришет


Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри жана Кытайдагы мурдагы элчиси Муратбек Иманалиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттери дүйшөмбү күнү кабыл алган чечимге ылайык, ал 1-январдан тарта ШКУнун Баш катчысы кызматын аткарууга киришет.
Буга чейин бул кызматты Казакстандын өкүлү Болат Нургалиев аткарып келген. ШКУнун Баш катчысынын кеңсеси Бээжинде жайгашкан.
Саясатчы Мурат Иманалиев - кесиби боюнча чыгыш таануучу, кыргыз этнографиясын кытай булактарынын негизинде иликтеген адис, тарых илимдеринин кандидаты. Эки жолу тышкы иштер министри кызматын аркалаган. Адилеттик жана Прогресс партиясын негиздеп, жетектеген. Кийинки жылдары Коомдук Саясат Институтун жетектеп келген.
(AiT)

XS
SM
MD
LG