Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

“Ата Мекен” партиясы И.Исаков боюнча билдирүү таратты


Оппозициялык "Ата Мекен" Социалисттик партиясы таркаткан билдирүүдө Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун репрессияга кабылышы анын энергетикалык коопсуздук маселесин көтөрүп, отун-кубат тармагындагы мафиянын куйругун басып алуусуна байланыштуу, деп белгиленген.
“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Исмаил Исаков Коопсуздук кеңештин катчысы кезинде ГЭСтерде, Бишкек жылуулук борборунда болуп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна көңүл бура баштаган. Бирок президент Бакиев ага чектөө коюп, диний кырдаалга көз салууну буйруган. Мына ошондон кийин Исаков куугунтукталып, азыркы мезгилде сегиз жылга эркинен ажыратууну прокуратура талап кылууда.
Бийлик болсо Исаковдун куугунтукталып жатканы тууралуу доону четке кагууда. Президенттин коопсуздук жана коргонуу боюнча кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев жакында эле, Башкы прокурор кезинде, Кыргызстанда саясатка байланыштуу кылмыш иштер жок деп "Азаттыкка" билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG