Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сомалидеги жардырууну айыптады


Кеңешке мүчө он беш өлкө тарабынан жактырылган билдирүүдө кечээ өлкө башкалаасы Могадишуда жасалган жардыруу “террордук акт” катары бааланды. Аялга окшоп кийинген жанкечти өзүн медик студенттерге диплом тапшыруу салтанаты өтүп жаткан жайда жардырганда, кеминде 19 адам, анын ичинде өкмөттүн үч министри каза тапты. Сомалинин БУУ колдогон өкмөтү учурда өлкө аймагынын аз бөлүгүн гана көзөмөлдөйт жана “ал-Каидага” таасирленген исламчыл согушкерлер менен жаңжалдашып келүүдө.

XS
SM
MD
LG