Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Путин 2012-жылкы президенттик шайлоого катышуу маселесин карап көрөт


Орус өкмөт башчысы бул тууралуу кечээ теле аркылуу эл менен өткөрүлгөн суроо –жооп учурунда билдирди:

-Мен ойлонуп көрөм, убакыт али жетиштүү. Менимче, биздин ар бирибиз өз кызмат ордубузда милдетибизди аткарып, натыйжалуу иштөөбүз керек. 2012-жылдагы шайлоо өнөктүгү боюнча чечим экономикадагы, социалдык чөйрөдөгү кырдаалга жараша кабыл алынат.

Орус өкмөт башчысынын эл менен баарлашуусу төрт саатка созулду. Башка суроолорго да жооп берген Путин Түндүк Кавказдагы кырдаал көйгөйлүү экенин, бирок аны согуш деп мүнөздөгө болбой турганын айтты. Ал ошондой эле Орусия эң оор кризисти баштан кечиргенин белгиледи жана орус байларын байлыгын башкара албаганы үчүн сынга алды. Ушуну менен Путин эл менен суроо- жооп иш чарасын сегизинчи ирээт өткөрдү. Бул салтты ал президент кезинде баштаган. Ал эми учурдагы президент Дмитрий Медведев азырынча эл менен телефон аркылуу суроо–жооп форматында пикир алыша элек.

XS
SM
MD
LG