Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Норвегия өкмөтү айыл жергесиндеги аялдар үчүн 100 миң доллар бөлдү


Кыргызстандын айыл жериндеги аялдардын экономикалык абалын жакшыртуу максатында Норвегия өкмөтү 100 миң доллар бөлдү. Бул аялдардын укугун коргоо, жакырчылыкты жоюуга багытталган атайын долбоордун алкагында берилүүдө. ЮНИФЕМдин долбоорунун менеджери Индира Кадырканованын “Азаттыка” билдиргенине караганда, кичи гранттардын фонду июнь айынан баштап иштеп келет. Долбоордун алкагында Кадамжай районунда кулпунайды кайра иштетүү ишканасын, Кара-Сууда ирригациялык системаларды, Кеминде сүт кабыл алуу пунктун, Токтогулда насос станциясын ачуу жана башкалар пландалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG