Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Орус президенти Пермдеги клубдун кожоюндарын катуу жазалаш керек деди


Орусиянын Пермь шаарында түнкү клубда ишембиге караган түнү өрттөн 103 адам набыт болуп, 134 киши жаракат алды. Шаардагы түнкү клубдардын биринде асманга фейерверк аттырылган экен. Кокустан андан клубдагы жыгач шып күйүп кетип, заматта ал имаратка толук таркаган экен.

Жарадар болгондордун 80ни оор абалда жатат. Орус президенти Дмитрий Медведев 7-декабрды өлкө боюнча аза күтүү күнү деп жарыялады. Пермде аза күтүү үч күнгө созулат. Президенттин айтымында, өрт болгон клубдун кожоюндарына өрт өчүрүү кызматтары тарабынан бир канча ирет коопсуздук абалы начар экени тууралуу эскертүү берилген экен.

XS
SM
MD
LG