Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Активдүү партиялык лидерлер Европада иш-сапарда болушат


ЕККУнун колдоосу менен Кыргызстандагы активдүү саясий партиялардын лидерлери Финляндия жана Норвегия өлкөлөрүнүн партиялык системалары, партиялык уюмдардын ишмердүүлүгү, парламенттердеги партиялык топтор, алардын өкүлдөрү менен таанышуу максатында максатында бүгүн Бишкектен учуп кетишти. Бул тууралуу маалымат «Акшумкар» партиясынын жетекчиси Темир Сариевден алында. Бир жумалык иш сапарга «Ак Жол», «Акшумкар», «Ата-Мекен», Кыргызстан коммунисттер партиясы, Социал-демократтар, “Эл ынтымагы” партиясынын лидерлери чакырылган.
Кыргызстандагы саясий партиялардын саны жүздөн ашуун болгону менен алардын саналуу гана бөлүгү өлкөнүн саясий-экономикалык өнүгүүсүнө катышып келүүдө. (GA)

XS
SM
MD
LG