Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Иранда бүгүн демонстрациялар күтүлүүдө


Иран бийликтери бүгүнкү демонстрацияларды утурлай Интернетке чектөө киргизишти. Тегеран тургундарынын ырастоосунда, алар кечээ электрондук почталарына кире албай, оппозициянын вебсайттарын окуу мүмкүн болбой жатат. Мындай проблема баш калаадан тышкаркы жерлерде барбы же жокпу азырынча белгисиз. Өкмөт чет өлкөлүк журналисттерге бүгүн күтүлүп жаткан нааразылык чараларын үйлөрүнөн чыкпай эле чагылдырууга үндөдү. 7-декабрь 1953-жылы антиамерикалык демонстрация маалында набыт болгон 3 студентти эскерүү иретинде Иранда массалык чыгуулар менен коштолот. Бул аралыкта оппозиция лидери Мирхосейин Мусави бийликтин кысымына карабай реформачылдардын кыймылы өз ишин улантууда деп билдирди.

XS
SM
MD
LG