Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Журналист Алишер Саиповдун иши Жогорку сотто каралары күтүлүүдө


Белгисиз бирөөлөрдүн колунан ажал тапкан журналисттин өлүмү боюнча иш Жогорку Сотто 9-декабрда каралат. Бул тууралуу маркум журналисттин атасы Аваз Саипов “Азаттыкка” маалымдады.

Белгилүү болгондой А Саиповду өлтүргөн деген айып менен буга чейин Ош шаардык сотунда Абдуфарид Расуловдун иши каралган. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө ал өзүнө коюлган айып негизсиз экендигин билдирип, мойнуна алган эмес. Уулун өлтүргөн адам бул эмес деп белгилеген Аваз Саипов Алишер Саиповдун өлүмү боюнча ишти башка тергөөчү кароосун талап кылган өтүнүчүн Ош облустук сотуна жолдогон. Облустук сот ишти кароону кайра шаардык сотко кайтаргандыгына байланыштуу Аваз Саипов Жогорку Сотко кайрылган.

XS
SM
MD
LG