Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Петровка чатагына байланыштуу сот эртең уланат

Оппозициялык бириккен кыймылдын мүчөлөрү: “Жашылдар” партиясынын төрагасы Э. Бөлөкбаев, “Болуш” бирикмесинин президенти С. Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскуловдун үстүнөн болуучу эртеңки соттук териштирүүдө айыптоочулардын күбөлөрү көрсөтмө берүүнү улантышат. Өткөн сот жараянында бул күбөлөрдүн бири - Валерий Дунаев баш-аламандык учурунда “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди көрбөгөндүгүн, ага милиционерлер даяр көрсөтмө жазылган кагазга кол койдурганын билдирген.

26-апрелде болгон Петровка чатагын уюштурган деген айып менен Э. Бөлөкбаев, С. Аргынбаев жана Уран Рыскулов 27-апрелде камакка алынган. Камалгандар муну бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан “саясий куугунтук” деп эсептешет.
XS
SM
MD
LG