Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Исмаил Исаковдун иши боюнча сот жыйыны он күндөн кийин болот


Судьянын ооруп калганына байланыштуу бүгүн сот жыйыны болбой калды, ишти кароо 17-декабрга которулду. Бир жума мурун болгон соттук жараянда мамлекеттик айыптоочулар мурдагы коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаковду генералдык чининен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өзүн сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сурашкан. Адвокаттар болсо буга чейин сотто көрсөтмө берген күбөлөр И. Исаковго каршы көрсөтмө беришпегендигин, коюлган айыптар далилденбегендигин белгилешүүдө.

Белгилүү болгондой оппозициялык бириккен кыймылдын мүчөсү Исмаил Исаковго коргоо министри болуп турган учурда кызмат абалынан пайдаланган деген айып коюлган. Бул кылмыш иши И. Исаков президент К. Бакиевдин башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан баш тарткандан кийин козголгону белгилүү. Генерал өзүнө коюлган айыптарды саясий буйрук катары баалап келатат.

И. Исаковго жалган жалаа менен айып тагылып, саясий куугунтук жүргүзүлүп жатат деген билдирүү менен буга чейин “Ата мекен”, “Ак шумкар” партиялары чыгышкан. Исаковдун жердештери анын соттолушуна байланыштуу маселени адилет кароосун өтүнүп, президентке кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG