Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Алайлыктар И. Исаковду коргоп нааразылык акция өткөрүшөт


Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрайымы Курманжан Сапарбаева “Азаттыкка” аталган комитет нааразылык акциялар тууралуу аймактагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө маалымат беришкенин билдирди. Анын айтымында, пикет бир жумадан кийин башталат. Мындан мурдараак “Алай“ коому мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду коргоп президентке кайрылуу жөнөтүшкөн. И. Исаковго кызматынан пайдаланган деген айып тагылууда. Мамлекеттик айыптоочу аны сегиз жылга эркинен ажыратууну, аскердик чинин алып, үй-мүлкүн конфискациялоону суранууда. Бул иш боюнча сот 17-декабрда болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG