Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

НАТО ооган согушу үчүн кошумча аскер убада кылган жатат


Уюмдун башкатчысы Андерс Фог Расмуссендин айтымында, НАТОго мүчө өлкөлөр Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн курамына кошумча дагы “бир нече миң” аскер жөнөтүүгө милдеттеме алары күтүлүүдө. Алар АКШ президенти Барак Обама кошумча жөнөтүлөрү тууралуу 1-декабрда жарыялаган 30 миң америкалык аскер менен катарлаш кызмат кылмакчы. НАТОнун Бельгиядагы башкеңсесинде өтүп жаткан конференцияда уюмга мүчө өлкөлөрдүн кошумча 7 миң аскер жиберүү тууралуу өткөн аптадагы убадалары ырасталары күтүлүүдө. АКШнын коргонуу тармагынын жогорку даражалуу өкүлү бүгүн НАТОну кошумча жөнөтүлүүчү аскерлерди 2010-жылдын башына карата даяр кылууга чакырды.

XS
SM
MD
LG