Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Пакистандагы базарда болгон теракттан 36 киши өлдү


Пакистан бийликтеринин ырастоосунда, Лахор шаарындагы кош жардыруу бери дегенде 36 кишинин өмүрүн алып кетти. 90дой киши жараат алды. Жарылуудан чыккан өрт базардагы майда дүкөндөрдү каптаган. Теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Анын алдында Пешавар шаарында жан кечтинин жардыруусунан 10 киши набыт болгон. Соңку айларда исламчыл согушкерлер Пакистанда ондогон кандуу кол салууну ишке ашырышты.

XS
SM
MD
LG