Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

АКШ жана Түркия терроризмге каршы биргелешип күрөшөт


АКШ президенти Барак Обама Түркия Ирандын атомдук программасына байланышкан талашты жөнгө салууда маанилүү оюнчу боло алат деп билдирди. Ак Үйдө түрк премьер-министри Режеп Таип Эрдоган менен жолугушуудан кийин Обама ошондой эле Вашингтон жана Анкара терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө куштар деп белгиледи. Эрдоган Түркия Иран маселесин дипломатиялык жол менен чечүү үчүн бар аракетин жумшайт деп ишендирди. Эки лидер Анкара менен Вашингтон ортосунда айрым маселелер боюнча пикир келишпестиктер байкалып жаткан кезде жолугушту. Атап айтканда, Түркия АКШнын үндөөлөрүнө карабай, азырынча Ооганстанга кошумча аскер жибербөө чечимин жарыялады.

XS
SM
MD
LG