Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Ишке жайгаштыруу боюнча жеке уюмдардын иши көзөмөлдөнөт


Бүгүн Бишкекте элди жумушка орноштуруу менен алектенген жеке агенттиктердин ишин жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоор тууралуу коомдук угуу өттү. Европадагы коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги борбору уюштурган бул иш-чарага депутаттар, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Талкууда аталган борбордун жетекчиси Лилиан Дарий экономикалык каатчылыктын айынан мекенине кайткан мигранттарга жардам берүүдө мындай мыйзам долбоор маанилүү экенин белгиледи. Жыйын соңунда аталган мыйзам долбоорду бүгүн айтылган сунуштарды эске алуу менен аягына чейин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG