Ооган президенти Хамид Карзай Ооганстан каражаттан кыйналып турган шартта алдыдагы 15-20 жылда өз коопсуздук күчтөрүн каражат менен камсыздоого кудуретсиз экенин айтты. Ал бул тууралу бүгүн Кабулда Кошмо Штаттарынын коргоо министри Роберт Гейтс менен биргелешип өркөргөн маалымат жыйынында билдирди. Гейтс АКШнын Ооганстан алдындагы милдеттерин дагы бир ирет бышыктап, кыйынчылыктарды жеңүүдө ийишдеш тураарына ишендирди. Робер Гейтс президент Барак Обама Ооганстанга 30 миң кошумча аскер жиберүүнү айткандан кийин бул мамлекетке биринчи ирет келип отурат.