Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Прагада белгилүү жазуучу Пётр Вайл дүйнөдөн кайтты


Ал 60ка эми чыккан эле. Вайл – адабиятка жана маданияттын тарыхына арналган бир катар китептердин жана телекөрсөтүүлөрдүн автору болчу. Ал «Азаттыктын» орус кызматынын директорунун орун басары катары да иштеген. Пётр Львович Вайл 1949-жылы Рига шаарында туулган. Москвадагы басмакана институтун аяктаган. Кийин 1977-жылы АКШга кеткен. 1980-жылдардан тартып «Эркин Европа/Азаттык» радиосунда иштеп, 1995-жылдан болсо Прагадагы баш кеңсесинде эмгектенген. Пётр Вайл – азыркы орус тилин иликтеп, баккандардын башында туруп, ал жаатта академия негиздеген. Ал ошондой эле "Иностранная литература" («Чет эл адабияты») жана "Знамя" («Туу») журналдарынын редкеңешинин мүчөсү болчу. Анын атында радио атайын сыйлык уюштурган.

Петр Вайлдын "Гений места", "Стихи обо мне" жана "Русская кухня в изгнании" деген белгилүү китептери бар.

XS
SM
MD
LG