Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Бүгүн 1-Май райондук сотунда А. Жекшенкуловдун иши каралат


3-декабрга белгиленген соттук териштирүү адвокаттардын биринин келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган. Сот жараянынын ага чейин да бир нече жолу түрдүү себептер менен улам кийинкиге жылдырылышын Жекшенкуловдун тарапкерлери бийлик тарабынан атайын жүргүзүлүп жаткан саясат катары баалап келишет.

Мурдагы тышкы иштер министри, БЭКтин саясий бюро мүчөсү, “Акыйкаттык үчүн” кыймылынын төрагасы А. Жекшенкулов түрк ишкери Сервет Четиндин өлүмүнө тиешеси бар деген айып менен 9-мартта камакка алынган. Түрк ишкери өлтүрүлгөн ок А. Жекшенкуловго таандык тапанчадан атылган деп шектелүүдө. Ага ошондой эле тышкы иштер министри болуп иштеген учурда кызматынан пайдаланган деген айып тагылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG