Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Жогорку сот А. Саиповдун өлүмү боюнча ишти карайт


Эки жыл мурун атылып өлтүрүлгөн журналисттин атасы Аваз Саипов уулунун өлүмү боюнча тергөө иштерин кайрадан жүргүзүү арызы менен Жогорку сотко кайрылган. Анын буга чейинки Ош облустук сотторуна берген арызы четке кагылган эле. Алишер Саиповду өлтүргөн деп айыпталып жаткан мурдагы милиционер Абдуфарид Расуловду уулуну өлүмүнө тиешеси жок деп эсептеген Аваз Саипов бул ишке Өзбекстандын атайын кызматтары кызыкдар деген пикирде. Бүгүнкү соттук териштирүүгө “Кылым шамы” бейөкмөт уюму байкоочулук кылмакчы.

Журналист, “Сиесат” гезитинин редактору Алишер Саипов 2007-жылы 24-октябрда Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде атылып өлтүрүлгөн. Быйыл жайында ички иштер министри М. Конгантиев А. Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко ашырылгандыгын президентке маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG