Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 11:17

А.Саипов боюнча иш Ош шаардык сотуна кайтарылды


Бүгүн Жогорку Сотто маркум журналист Алишер Саиповдун атасы Авас Саиповдун арызы каралды. Арызында Авас Саипов Алишер Саиповдун өлтүрүлүшүн тергөөнүн жүрүшүндө кемчиликтер кеткенин айтып, ишти кайрадан тергөөгө жиберүүнү өтүнгөн эле. Бирок Жогорку сот ишти Ош шаардык сотунда кайра кароого жиберди. Ал эми Саипов Жогорку Соттун чечимине нааразы болуп, уулу Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иште баары өзгөрүүсүз калат деген пикирин билдирүүдө. “Сиесат” гезитинин баш редактору Алишер Саипов 2007-жылы октябрь айында Ошто атылган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG