Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:17

Жаңы жылдын алдында балатыларды кыюу көзөмөлдөнөт


Мамлекеттик экологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Бекболот Маматаировдун “Азаттыкка”билдиришинче, жаш балатыларды мыйзамсыз кыйгандарга 7 миң сомго чейин айып салынат. Быйыл 8-декабрдан тарта токой чарбаларында балатыларды мыйзамсыз кыюу иштерине каршы рейд жүргүзүлө баштады. Иш чара 5-январга чейин уланат.

Ал эми Бишкек шаарында майрамдык балатылар тамыры менен атайы идишке салынып, жаңы жылдык буюмдарды сатуу үчүн уюшулган базарда сатылат. Мындай аракет балатыларды майрамдан кийин ыргытып жибербей, короого олтургузуп коюу максатын көздөйт. (AzK)

XS
SM
MD
LG