Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Ысык-Көлдө чабактардын жок болуп кетүү коркунучу жогору


Ысык-Көлдө чабактарды сактап калуу үчүн жырткыч балыктын санын азайтуу керектигин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин экологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Бекболот Маматаиров бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, учурда чабактардын жок болуп кетүү коркунучу жогору. Мындай абалдан чыгуу үчүн көлдөрдөгү форель, судак өңдүү жырткыч балыктарды кармап, алардын санын азайтуу керек. Мындан тышкары Бекболот Маматаиров президенттин “Кыргызстандын көлдөрүндө балыктарды сактоо жана көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлыгын аткаруунун алкагында Айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Айыл чарба министрлигине караштуу балык чарба департаментинин ыйгарым укуктарын аныктап, бөлүштүрүү зарылдыгын белгиледи. “Биз Балык чарба департаменти чарбалык маселелер менен алектенсе дейбиз. Биз болсо көзөмөлдөө жана уруксат берүү функцияларын аткаруубуз керек”, - деди Бекболот Маматаиров. (AzK)

XS
SM
MD
LG