Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Петреус: Ооганстанда прогресс Ирактагыдай болбойт


АКШ армиясынын Ооганстан жана Ирактагы согуштук операцияларын жетектеген генерал Дэвид Петреустун пикиринде, Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны көбөйтүлгөндөн кийин прогресс Ирактагыдай тез болбойт. Ага өлкөнү каптаган зордук-зомбулук жана өкмөттөгү баш-аламандык себеп болууда, - деп түшүндүрдү генерал. АКШ Конгрессинде сүйлөгөн Петреус ошондой эле Пакистандын талип согушкерлерине каршы жүргүзгөн аракеттерин кубаттады.

Генерал жаңы стратегиянын натыйжалуулугуна баа берүү үчүн дагы 1 жылдай керек деп белгиледи. Өткөн аптада президент Барак Обама Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жиберилет деп билдирген.

XS
SM
MD
LG