Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:42

Р.Отунбаева: Орто кылымга баратабыз


Социал-демократиялык фракциянын лидери Роза Отунбаева бүгүн парламенттеги сөзүндө коллегаларын Адам укуктарын сактоо боюнча эл аралык күн менен куттуктап жатып, өлкөдө адам укуктарын сактоодо түзүлгөн кырдаалга токтолуп кетти. Отунбаева 9-декабрда кечинде “Кут” партиясынын лидери Болот Жанузаков, саясат таануучу Александр Князов катуу сабалганын, Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, Петровка, Балыкчыда соттолуп, аларды балдары чет өлкөлөрдө качып кетүүгө мажбур болуп жатканын белгилеп, ошол эле мезгилде президент Бакиев өз уулун Акүйгө кызматка коюп, өзүнүн орун басарлыгына дайындап алганын атады. Атып өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун ишин Жогорку сот арта кайтарганын, дагы бир сабалган журналист Кубанычбек Жолдошев өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болуп жатканын маалымдады. Мындай шартта кандай жашайбыз, деген суроону койду Роза Отунбаева. Социал-демократиялык фракциянын лидеринин сөзүнө жооп кылган “Ак жолдун” мүчөсү, депутат Кабаев жамандык иштерди айта бербөөнү айтып, Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча жардыруу күтүлүп жатканын белгиледи. “Ак жолчу” дагы бир депутат Кенжебаева Максим Бакиев жогорку кызматта иштөөгө билимине жараша татыктуу экенин атады.(AiT)

XS
SM
MD
LG