Базар Л.Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Пишпек” базарынын аймагында ачылды. Шаардын мэри Нариман Түлеевдин токтомуна ылайык, базар балатыларды белгилүү бир жерде сатуу, соода орундарын иретке салуу, шаардыктарга майрам алдында керектүү кызмат көрсөтүү жана башаламан көчө кесилиштеринде соода кылууга жол бербөө максатында уюштурулду. «Пишпек» базарынын дирекциясына базарга балатыны, анын кооздуктары жана майрамда керектелүүчү атрибуттарды алып келүү жана сатуу менен алектенген юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу иши тапшырылган. Токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин өкүлү Бакыт Бейшеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, базарга балатылар 15-декабрдан тарта келе баштайт. Алар өткөн жылдардагыдай эле атайы идишке олтургузулуп сатылат. (AzK)