АКШнын президенти бүгүн Ослодо Норвегиянын өкмөт башчысы менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү. Ушул мүнөттөрдө Норвегиянын баш калаасында ага Нобел сыйлыгын тапшыруу салтанаты башталууда. Кечээ жакында Ооганстанга 30 миң кошумча аскер жиберген Обама дүйнөдө тынчтыктын келечегин бекемдөөгө сөз берди. Ал Ооганстандагы кырдаалды турукташтырып, климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана өзөктүк куралды азайтуу багытындагы ишин да улантууга нийеттүү.