Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилованы сыйлыгы менен куттуктады


Акыйкатчы Турсунбек Акун кесиптеши, “Жарандар коррупциягы каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованы бул уюмдун Франциядагы кадыр-барктуу эл аралык сыйлыкты алышы менен куттуктап, анын өз өмүрүн, ден соолугун тобокелге салып, адам укуктарын коргоо жаатында жигердүү иш алпарып жаткандыгын да белгиледи.
“Биз 2002-жылы Аксы окуясында 15 күн бою ачкачылык жарыялап чогуу болгонбуз. Канча азаптарды көрдүк. Бул сыйлык ага чоң ишеним жана колдоону алып келет деп ойлойм ”, - деди Турсунбек Акун. Ал эми жаш укук коргоочу Айсулуу Алымбек кызы болсо, Кыргызстанда учурда Төлөйкан Исмаиловадай эл аралык сыйлыкка татыктуу бир катар укук коргоочулар бар экенин белгилеп, жаштар улуу муундагы укук коргоочулардан сабак алып, натыйжалуу иштөөгө аракет кылышарын билдирди.
Кыргызстандык “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму Франциянын укук коргоо тармагындагы сыйлыгына татыктуу болду. “Эркиндик. Теңдик. Боордоштук. (Liberte.Egalite.Fraternite)” деген быйылкы сыйлык кыргызстандык топко адам укуктарын коргоо жаатындагы ишмердүүлүгү, атап айтканда адам укуктарын чагылдырган, өзүн өзү цензуралабаган жаш журналисттерди даярдоо боюнча долбоору үчүн берилүүдө.
Сыйлык уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаиловага Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер катышкан Париждеги расмий жөрөлгөдө (бейшембиде Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө) тапшырылды. (AzK)

XS
SM
MD
LG