Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Футбол хулиганы 30 жылга кесилди


Белград соту атаандаш команданын күйөрманын бычактап өлтүргөн 24 жаштагы Боян Хрватинди 30 жылга эркинен ажыратты. Окуя 2006-жылы орун алган. Анда жергиликтүү 2 футбол командаларынын колдоочулары ортосунда мушташ чыккан. Сербиядагы футбол хулигандары ашынган улутчулдар жана Балкан согушуна катышкан согушкер топтор менен жакын байланышта турушат деген божомолдор жок эмес.

XS
SM
MD
LG