Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Дипломаттар иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып бара баштайт


Жогорку Кеңештин бүгүнкү пленардык жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылды. Ага ылайык дипломаттар мамлекеттик тилди сөзсүз билип, иш-кагаздарды мамлкеттик тилде жүргүзө билиши керек.

Социал-демократтар фракциясынын төрайымы Роза Отунбаева азыркы Тышкы иштер министрлигинин курамында иштеген кызматкерлердин басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билбей тургандыгын белгиледи. Ошондуктан аны азырынча токтото турууну сунуш кылды. Мыйзам долбоор экинчи окуудан кабыл алынды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG