Бул тууралуу Билим жана илим министринин орун басары Үмүткан Тыналиева бүгүн министрликтин коллегиясында билдирди. Анын айтымында, министрлик жана Паракорчулукту алдын алуу боюнча улуттук агенттик менен бирдикте комиссия түзүлүп, мектептерде текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы Ош, Бишкек шаарларында жана Чүй облусунда мектептердеги ай сайын милдеттүү түрдө акча жыйноолор 50 сомдон 350 сомго чейин экенин көрсөткөн. Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын эсеби боюнча 2009-жылы ата-энелердин эсебинен түшкөн акча 100 миллион сомду түзгөн. “Бейөкмөт уюмдар бул сан мындан көп экенин айтып жатышат”, - дейт Ү.Тыналиева. (КЕ)