Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

ИИМ диний агымдар тууралуу китепче чыгарат


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 9-башкармалыгынын жетекчиси Азамат Кутманалиев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал диний экстремизм менен күрөшүүнүн эң жакшы жолу элге маалымат таратуу деп белгилейт. “Элге салттык жана экстеримисттик диний агымдар тууралуу маалымат берүү күч структураларынын башкы максаты болуш керек. Албетте, күч колодонуу иш-чаралары да өз жыйынтыгын берип жатат. Анткен менен диний экстремисттер өз идеяларын жайылтуунун жаңы жолдорун таап жатат. Алар көбүнчө айыл тургундары менен иштешет. Биз элди мындай агымдарга берилип кетпегенге үйрөтүшүбүз керек”, - дет А.Кутманалиев.
Ушуга байланыштуу ИИМ исламдын салттык жана экстремисттик агымдары туурасында маалымат камтылган баракча чыгарганы жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG