Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

Баткенде губернаторлукка М. Айбалаевди дайындоо демилгеси козголууда


Мамат Айбалаевди Баткен облусуна губернатор болуусун каалаган топ жыйын өткөрдү. Бул тууралуу “Жаңы Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Сайпидин Дыйканов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, Баткен облусунун чек ара маселелерине өзгөчө мамиле жасап иштей ала турган Мамат Айбалаевди Баткен облусуна губернатор кылып дайындоону президенттен өтүнүү үчүн бүгүн Баткен шаарында 20дай киши топтолгон. Анда өлкө жетекчисине Мамат Айбалаевди облус жетекчиси кылып дайындоо үчүн кайрылуу үчүн кол топтоо маселеси кабыл алынды.

Мамат Айбалаев Баткен облусу алгач уюшулган 1999-жылдан тарта 2003-жылга чейин облусту жетектеп келген. Жергиликтүү калк ал жетектеп турган учурда облуста кошуна өлкөлөр менен болгон чек ара маселесинде бир топ жакшы жылыштар болгонун белгилеп келишет.

Баткен облусун буга чейинки губернатору Маратбек Жумабеков болсо ишиндеги кемчиликтери үчүн 10-декабрда президенттин жарлыгы менен кызматынан четтетилген. Ички иштер министрлиги бүгүн Маратбек Жумабековго каршы эки кылмыш иши козголгонун маалымдады. (JsA)

XS
SM
MD
LG