Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Кыргызстанда Ч.Айтматовду эскерүү иш чаралары өтүүдө


Залкар жазуучунун кичи мекени Кара Буура районунун Шекер айылында Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнү жана музейинин ачылышы болот. Иш чарада китеп көргөзмөсү уюштурулуп, улуу жазуучунун өмүр жолун чагылдырган “Тоолор кулаганда” тасмасы көрсөтүлүп, Айтматовдун чыгармачылыгына арналган музыкалык программа тартууланат.
Ч.Айтматовдун “Кызыл алма” аңгемеси боюнча коюлган спектакль Мамлекеттик Орус Драма театрында бүгүн кечинде көрсөтүлөт. Бул Ч.Айтматовдун көзү өткөндөн кийин театрда биринчи жолу коюлган спектакль. Ага сыйлуу конок катары жазуучунун карындашы Роза Айтматова чакырылган.
Дүйнөгө таанымал сөз чебери тирүү болгондо быйыл 81 жашка толмок. Чыңгыз Айтматов 2008-жылы июнь айында Германияда ооруканада көз жумган, маркумдун сөөгү “Ата Бейит” мемориалдык комплексине коюлган. (GA)

XS
SM
MD
LG