Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Иран жаңы санкцияларды адилетсиз жана саясий деп эсептейт


Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлиги билдирди. Расмий Тегерандын пикиринде, ага талаштуу өзөктүк программасынын улам БУУнун жаңы санкциялары киргизиле турган болсо ал “адилетсиз” жана “саясий чечим” болот. Иран тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рамин Мехманпараст ошондой эле жаңы санкцияларды “эл аралык деңгээлде таанылган укуктук чектен чыккан” иш деп атады. Мунун алдында жума күнү Евробиримдик Иран өзөктүк программасы боюнча эл аралык милдеттемелерин аткарбаганын жана биримдик Иранга жооп берүү боюнча чараларды келерки айда караштырарын белгилеген. Евробиримдиктин мындай турумуна АКШ да кошулуп, Иран эгер өзөктүк программасын БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларына жана МАГАТЭ алдында алган милдеттемелерине ылайыкташтырбаса, “кесепетин” көрөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG