Учурда Дания башкалаасында глобалдык жылуулук боюнча эки апталык эл аралык жыйын жүрүп жатат. Бүгүн көчөгө чыккан 30 миңдей активист Копенгагенге чогулган өкмөт өкүлдөрүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк жаңы келишимди түзүүгө чакырышты. Көк түстөгү ураан – чакырыктарды көтөрүшкөн жана көк көйнөк кийишкен жаратылышты коргоочулар, капитализмге каршы маанайдагы демонстранттар узундугу алты чакырым аралыкта тизилип, басышты. Бүгүнкү жүрүштү дүйнөнүн 67 өлкөсүнүн 515 уюму өткөрдү.