Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

АКШ Болгарияга кайрылды


Кошмо Штаттар Болгарияга террорчулук үчүн шектелип, Гуантанамодогу аскерий түрмөдө кармалып турган айыпкерлерди кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылган. Өлкөнүн ички иштер министри Цветан Цветановдун билдиргенине караганда, АКШнын өтүнүчү парламентин тиешелүү комитетинде каралат. Болгар министринин айтымында, анын өлкөсү бул маселени чечүүгө чектелген гана салым кошуусу мүмкүн. Ал эми болгар премьер- министри Бойко Борисов София Вашингтондун өтүнүчүнө жооп кылып жок дегенде бир айыпкерди “кабыл алуусу керектигин” белгилеген.

Жакында жабылары мерчемделген Гуантанамо түрмөсүндө 200дөн ашуун айыпкер отурат. Алардын 90го жакынын которуу зарыл деп табылган. Президент Барак Обаманын администрациясы Конгресстин чечимине ылайык, абактагылардын баарын АКШнын өз аймагына алып бара албайт. Андыктан айыпкерлерди кабыл алуусу үчүн башка өлкөлөрдү ынандырууга аракеттенип келүүдө.

XS
SM
MD
LG