Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Таиландда кармалган учактын экипажына айып коюлат


Түндүк Кореянын борбору Пхеньяндан келе жаткан учак Бангкоктун аэропортуна 11-декабрь күнү конгондо, анын бортунан ири өлчөмдө курал-жарак табылган. Айып “ИЛ- 76” үлгүсүндөгү учактын экипажы: Казакстандын төрт жараны менен Беларустун бир жаранына коюлган жатат. Таиланддын өкмөтүнүн билдиргенине караганда, атайын кызматтар бул жерде террордук ишмердүүлүктүн тиешеси бар –жогун териштиришүүдө. Кабарларга караганда, курал жүктөгөн учак Грузияда катталган. Анын бортунан табылган, салмагы 30 тоннадай келген курал-жарактын арасында ракеталар, гранатамет үчүн реактивдүү снаряддар болгон. Башында Пхеньяндан чыккан учак кай жакка бара жатканы анык белгисиз. Бангкоктон соң ал май кую үчүн Шри –Ланкада токтомок.

XS
SM
MD
LG