Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Абхазиядагы шайлоодо азыркы президент жеңип чыкты


Грузиянын жикчил аймагы Абхазияда кечээ өткөн шайлоону дүйнөнүн көпчүлүгү мыйзамсыз деп эсептейт, бирок Орусия кубаттады. Абхаз шайлоо комиссиясынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алгачкы расмий жыйынтык учурдагы президент Сергей Багапш добуштардын 59,4%ын алганын көргөздү, ал эми анын башкы атаандашы, мурдагы вице-президент Раул Хажимба 15,4% добуш топтогон. Жогорудагыдай жыйынтык шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлбөйт дегенди туюндурат. Экинчи айлампага үмүттөнгөн абхаз оппозициясы болсо, олуттуу мыйзам бузуулар оруун алып жатканын шайлоонун алдында эле айтып чыккан. Кечээги шайлоо - Орусия былтыр августа Грузия менен болгон согуштан соң 200 миңдей калкы бар Абхазияны көз карандысыз мамлекет катары тааныгандан кийинки алгачкы добуш берүү болду. Абхазия менен катар дагы бир жикчил аймагы Түштүк Осетияны азыр да бир бөлүгү катары эсептеген Грузия кечээги шайлоону Орусия жетекчилигиндеги “комедия” деп атады. Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын Орусиядан тышкары Никарагуа менен Венесуэла гана тааныган.

XS
SM
MD
LG