Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Алайда И. Исаковго байланыштуу нааразылык акция башталат


Нааразылык иш-чаралары бүгүн башталаарын И. Исаковду коргоо комитетинин төрайымы Курманжан Сапарбаева “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин “Алай“ коому мурунку коргоо министрине карата акыйкат чечимди талап кылып президентке кайрылуу жолдогон. И. Исаковго кызматынан пайдаланган деген айып тагылууда. 30-ноябрда сот болуп мамлекеттик айыптоочу мурунку коргоо министрин сегиз жылга эркинен ажыратууну, аскердик чинин алып, үй-мүлкүн конфискациялоону суранган. И. Исаков өзүнө карата кылмыш иши саясий буюуртманын негизинде ачылган деп билдирип келет. Сот бул ишти 17-декабрда карайт жана ушул күнү чечим чыгары болжолдонуп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG