100 жакын адамдын ортосунда чыккан тополоңдо бир киши тапанчанын огунан жаракат алганы кабарланууда. Демонстрация тынч эле аяктаганы менен, Стамбулдун көчөлөрүндө күрд жаштары дүкөндөрдү ташбаранга алып, имараттардын, машинелердин айнек-терезелерин сындырышты. Түркияда Конституциялык сот күрддөрдүн Демократиялык коом партиясын күрд жикчилери менен байланышы бар деп, жапкандан кийин нааразылык күчөгөн.