Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:57

Кыргызстанда рок фестивалы кайрадан өткөрүлө баштайт


Бул тууралуу “neoniKKa” рок-фестивалынын координатору Александр Рогоза “Азаттыкка” билдирди. Фестивалдын башкы максаты-өлкөдөгү жаш рок топторго колдоо көрсөтүү болуп саналат. Иш чаранын алкагында ар эки айдын соңунда үчтөн жаш рок командалары өз чыгармачылыктарын көрөрмандарга тартуулап турушат. Жылдын аягында добуш берүү менен тандалган мыкты рок командага “Электрдин тирүү добушу” деген нааам ыйгарылат. Бул фестиваль 2004-жылы уюштурулуп башталган. Бирок фестиваль акыркы жылдары каражаттын жетишсиздигинен токтоп калып, быйыл кайра жанданды. Учурда Кыргызстанда 20га чукул рок топтору чыгармачылык менен алектенип келишет. (AzK)

XS
SM
MD
LG