Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:18

Иранда Хомейнинин сүрөтү тытылгандан кийин бир нече киши камакка алынды


Өткөн аптадагы өкмөткө каршы демонстрацияларда Исламдык жумурияттын маркум негиздөөчүсүнүн сүрөтү тытылгандан улам, Ирандын учурдагы мусулман жол башчысы Аятолла Али Хаменейи оппозицияны «Хомейнинин ыйык элесине акаарат келтирүү менен мыйзам бузду» деп айыптаган эле. Тегерандын прокуратурасы 7-декабрдагы окуяга катышы барлардын бардыгы аныкталгандыгын билдирди. Оппозиция өз кезегинде бийликтерди «Хомейнинин сүрөтү тытылды» деген шылтоо менен реформачыл кыймылды куугунтукка алып жатат деп ырастоодо. Оппозиция лидери Мир Хосейин Мусави өз колдоочуларын нааразылык акцияларын тынчтык мүнөздө өткөрүп, «элге кастарын тиккендердин капканына кабылбоого» чакырды.

XS
SM
MD
LG