Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Москвада Ч. Айтматов менен С. Чокморовду эскеришти


Кыргыздын чыгаан сүрөткерлери Чыңгыз Айтматов менен Сүймөнкул Чокморовду эскерүү кечеси залкар жазуучунун 81 жылдыгына арналып өткөрүлдү. Кечеге орус интеллигенциясынын өкүлдөрү, жазуучунун “Кызыл алма” повестинин сценаристи Эльга Лындина жана Ч. Айтматов тууралуу “Жер шарынын атуулу” деп аталган документалдуу тасманын режиссери Ольга Чекалина, Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты. Кечеде КРнын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров Ч. Айтматовдун орус-кыргыз элдеринин бир туугандык мамилесинин чыңдалышына кошкон салымы, улуу жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу маалымат берди. Аягында Сүймөнкул Чокморов тартылган “Кызыл алма” көркөм тасмасы менен “Жер шарынын атуулу” документалдуу тасмасы катышуучуларга тартууланды. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз элчилигинен маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG