Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

Өрткө каршы күрөшүү кызматы президентке кайрылды


Чукул кырдаалдар министрлигинин алдындагы өрткө каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери мурдагы министр Камчыбек Ташиевди кайра кызматына коюу тууралуу өтүнүчүн бүгүн мамлекет башчыга жолдошту. Анда өрт өчүрүүчүлөр К. Ташиевдин иш билги, ар кандай чукул кырдаалдарда жол таба билген, алгачкылардан болуп жардамга келген жетекчи экендигин белгилеп, К. Ташиев жетектеп турган учурда өрткө каршы күрөшүү тармагынын материалдык-техникалык базасы чыңдалганы айтылат. Мындан тышкары кайрылуу ээлери чукул кырдаалдар министрлигин түштүккө көчүрүү тууралуу президенттин буйругун экс-министр тез арада аткаргандыгын да баса белгилешкен.
Мурда кабарлангандай, чукул кырдаалдар министри К. Ташиевди президент өкмөт башчынын сунушу боюнча 11-декабрда кызматтан алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG