Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Евробиримдик Абхазиядагы президенттик шайлоону тааныбайт


Бул тууралуу азыр шаркетте жетекчилик кылып жаткан Швеция билдирди. Биримдиктеги 27 өлкөнүн атынан сүйлөп, Швеция “Евробиримдик эларалык мыйзамдардын алкагында таанылган Грузиянын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдойт” деп айтты. Жекшембиде Абхазияда президенттик шайлоо өтүп, анда буга чейинки президент Сергей Багапш жеңген. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү шайлоону мыйзамсыз деп атаган. Орусия, Никарагуа жана Венесуэла гана шайлоону колдоп, Абхазиянын эгемендигин тааныганын билдиришти. Абхазия былтыркы орус-грузин согушунан кийин өзүн Грузиядан көзкарандысыз өлкө деп жарыялап алган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG