Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

ЖК Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорду карайт


Президент Курманбек Бакиев кечээ Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорду Жогорку Кеңешке жөнөттү. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, долбоор мамлекеттик башкаруу системасындагы реформаларга ылайык, президенттин, парламенттин ыйгарым укуктарын, өкмөттүн структурасын жана курамын жөнгө салат. Парламентеги “Ак жол” фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов долбоор чукул караларын “Азаттыкка” билдирди. “Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев мындай реформалар менен президент Баш мыйзамды, өкмөт тууралуу мыйзамды бузду деп Конституциялык сотко кайрылган. Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр Конституцияны өзгөртпөй туруп өлкөнүн башкаруу системасы мыйзамсыз жаңылады деп бийликти сындап келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG